BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Top Story – Kyrgyz

  • Дүйнөлүк футбол 2022 - оюндар жана натыйжалар

    Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарына жана натыйжаларына реалдуу убакыт режиминде көз салыңыз.

    World Cup 2022 - Scores & fixtures
  • Месси Аргентина менен төртүнчү жолу дүйнө чемпионаттардын чейрек финалына жетти

    Футбол: Месси Аргентинаны чейрек финалга сүйрөп чыкты

    Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпионатында 1/8 финалдык бөлүктөгү оюндар башталды. Бул бөлүктө утулган командалар түз эле үйлөрүнө кетишет. Ал эми уткан өлкөлөр чейрек финалга жөнөшөт. Жалпы 32 команданын учурда 16сы калды, алдыдагы 8 оюндан кийин командалардын саны дагы эки эсе кыскарат. Чейрек финалга түндө эки команда жолдомо алды алар кимдер болгонун футбол күндөлүгүнөн окуңуз. Жакшы эле экран тиктеп олтуруп, түн уйкуга жеңдирип жиберип, тук эткен бойдон каап деп эми ойгонгондорго арнап азил-чыны аралаш жаздым.

  • Кышкысын Бишкек кир аба боюнча дүйнө өлколөрүнөн сап башына чыгат

    Бишкек: абанын кирдеши адам өмүрүн алууда

    Бишкектеги кир аба адам өмүрүн алып жатканын эл аралык уюмдардын иликтөөлөрү тастыктап жатат. Буга чейин жургүзгөн эки башка иликтөөнүн жыйынтыгы ушундай чыкты.

  • Неймар жаракаттан улам бул оюнга катыш алган жок

    Футбол: Роналду менен Неймардын командалары утулду 

    Үчүнчү тайпалык оюндарда фаворит командалардын бардыгы көңүл толорлук оюндарын өткөрүшкөн жок. Бразилия менен Португалия атаандаштарына багынып берип, натыйжада күтүлбөгөн командалар тайпадан чыгып кетишти. Өз кезегинде Уругвай курама командасы чемпионат менен кош айтышууга аргасыз болуп калды. Дагы кайсы командалар 1/8 бөлүккө чыгып кеткенин футбол күндөлүгүнөн окуңуздар.

  • "Дождь" каналынын колдоо акциясы

    “Жапырт репрессиялар” тизмеси. Эмне үчүн Орусияда “чет элдик агенттер” ого бетер көбөймөкчү

    1-декабрдан тарта орусиялык бийликтер жарандарды “чет элдик агенттердин” тизмесине жапырт киргизе алат: эми ал "кара тизмеге" катталуу үчүн чет өлкөдөн акча алуунун да кажети жок. Бул тизмеге илинген соң, андай жаран мамлекеттик кызматка жана келишим боюнча аскердик кызматка эч кабыл алынбайт, бирок аны аскер кызматына чакырып, согушка жөнөтсө болот. Би-Би-Си "чет элдик агенттерди" аныктоонун, эсепке алуунун жана жоопкерчиликке тартуунун жаңы эрежелери жөнүндө баяндайт.

  • "Жапон керемети" - азиялыктар тайпадан биринчи орунду ээледи

    Футбол: Самурайлар футболго өттүбү? Жапония эсти эки кылып жиберди

    Жапон футболчуларын көргөн бир топ киши аң-таң эле болуп калды. Буларың бул жүрүшү менен чиймей болду сызыкты, көрсөтмөй болду кызыкты деп эле олтуруп калды. Күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары бир жарк этти бейм, чирки-и-и-ин…

  • сүрөт-иллюстрация

    Арзан кредит: насыя даректүү берилип жатабы?

    “Айыл Банк” ачык акционердик коому жыл башынан бери 4,5-6%  менен 13 миң дыйканга жеңилдетилген насыя таратканын жар салды. Жакында эле Эсеп палатасы былтыр аталган банк  дыйкандарга делген арзан насыяны ири бизнес ишканаларга бергенин аныктаган.

  • Бишкек, "АкЭмир" базары

    Кымбатчылык кендирди кескенде: баалар кайда баратат?

    Дүйнө жүзүн каптаган кымбатчылык быйыл Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Азык-түлүк жана энергетикалык каатчылык коронавирус пандемиясы менен жарыша эле башталган. Украинадагы согуш аны ого бетер оорлотуп, көйгөйлөр андан бетер курчуду. 

  • Цзян Цземинь

    Аскар Акаев: Цзян Цземинь Кыргызстандын чыныгы досу эле...

    Кытайдын мурдагы лидери Цзянь Цземинь 96 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын башкаруусу убагында Кытай экономикалык өнүгүү темпи боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан. Кытайдын Россия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен чек ара талаштары дагы анын убагында чечилген. Би-Би-Си Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кепке тартты.

  • Биринчи оюнунда жеңилген Аргентина тайпасында биринчи орундан чыкты

    Футбол: Месси мээлеген бойдон баратат, Франция утулду

    Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Австралия плей-оффко жолдомо алып кубанычы койнуна батпай жаткан чагы. Польша курамасы болсо Аргентинага 2:0 эсеби менен утулганына карабай, экөө тең 1/8 бөлүккө жөнөштү. "Менминсинген Франция алгачкы жеңилүү ызасын тартты, бул үчүн кимди жемелерин билбей турат. Башкы суроосу эле, эмне болуп кетти, кандай болуп калды?" деп жатышат деген пикирлер да чыкты. Менимче анын себеби башкада… Эми мунун баарын футбол күндөлүгүнөн кененирээк кеп куралы.

  • "Үчилтик союз". Россия, Казакстан жана Өзбекстан газ союзун түзүүнү талкуулап баштады

    Биринчи этапта координациялык механизм түзүү жөнүндө сөз болуп жатканын Россия президенти Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

    Газпром
  • Михаил Саакашвили

    Михаил Саакашвилинин "тагдырлык катасы" – Грузияга кайтуусу болду

    Серепчилер Михаил Саакашвилинин Грузияга кайтып келишин учурдагы эң ири жаңылыштыгы болду деп санашууда. 54 жаштагы мурдагы президенттин бул кадамынын айынан өлкөдөгү эң ири оппозициялык партияга сокку урулду. Саакашвилинин бул жоругу эми аны өлүм коркунучунун жарына кептеп турат.

  • "Росатом"

    "Росатом" Кыргызстанда АЭС курат: экологдор эмнеге тынчсызданат?

    Орусиялык "Росатом" ишканасы Кыргызстанда атомдук электростанция курууга белсенип жатат. Бул тууралуу макулдашууга Сочиде Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Росатом" өкүлү Андрей Рождествин кол койду. 

  • Канаданын ар бир төртүнчү тургуну башка өлкөдө төрөлгөн

    Канада 1,5 млн иммигрант чакырууда. Эмнеге?

    Канаданын калкы улгайып, “беби-бумерлердин” мууну жапырт пенсияга чыга баштагандыктан өлкөнүн экономикасы кыйын кезеңге кептелгендей. Эми Канаданын өкмөтү өлкөнүн экономикасына керек болгон жумушчу күчтүн ордун иммиграциянын болуп көрбөгөндөй толкунунун эсебинен толтурууга үмүттөнүп жатат. Бирок, бардык эле канадалыктар мынчалык көп сандагы чет элдиктерди кучак жайып тосуп алууга даяр эмес.

  • Аргентина 1/8 финалга чыгуу шансын сактады

    Мессинин алгачкы упайы, Франция тайпадан чыкты...

    Дүйнө чемпионатынын экинчи айлампасы ары кызыктуу, ары табышмактуу болуп баратат. Биринчи оюнда Аргентинаны утуп дүйнө дүңгүрөткөн Сауд Арабиясы 26-ноябрда Польша менен ал жомогун уланта албай утулду. Ал эми Мессинин Аргентинасы эми гана калыбына келгендей, алар Польшаны утуп алгачкы жеңишке ээ болушту. Кызыгы да, кыйыны да көп чемпионатты чечмелеп жиберели.

  • Роналду беш чемпионат катары менен гол киргизген жалгыз оюнчу болду

    Роналду жаңы тарых жаратты

    Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатынын бешинчи күнү “Н” жана “G” тайпаларындагы оюндар менен уланды. Анда Уругвай менен Түштүк Корея өлкөлөрү өтө эле жай баракат оюнду көрсөтсө, Португалия менен Гананын оюну акыркы секундга чейин кыл чайнашып, чыңалган мүнөздө өттү. Ошондой эле Чемпионаттын эң күчтүүсү деп саналаган Бразилия курама командасы турнирге кандай даярдыкта келди деген суроо талкуунун чордонунда турду эле. Эми ошол негизги деген өңүттөрүн кезеги менен талдайлы.

  • ЖККУ саммити, Ереван 24-ноябрь

    Еревандагы саммиттин жыйынтыгы: ЖККУнун келечеги барбы?

    ЖККУнун Арменияда өткөн кезектеги саммиттинде, уюмдун коопсуздук келишимине Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашиняндын кол койбой койгону башкы темалардан болду.

  • Кытайдагы нааразылыктар

    Кытайдын ири шаарларында Си Цзинпинге каршы нааразылык чаралары өттү

    Кытайда өкмөттүн коронавирус илдетин жоюуга багытталган чараларына каршы нааразылык иш-аракеттери күчөп кетти. Демонстранттар өкмөткө каршы саясий ураандарды да көтөрүштү.

  • Сүрөттө Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын анын кызы (болжол менен аты Чжу Э) жана жубайы Ли Соль Жу

    Кимдердин жаңы мууну: КЭДР лидери дүйнөгө биринчи жолу кызын көрсөттү

    Континенттер аралык баллистикалык ракетанын акыркы сыноолоруна Ким Чен Ын жалгыз эмес, жубайы жана кызы менен бирге катышты. Түндүк Кореянын маалымат каражаттары биринчи жолу жеке жашоосу ар дайым сыр болуп келген Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) лидеринин үй-бүлө мүчөлөрүн дүйнөгө көрсөтүштү.

  • Трамп өзүнүн президент болгусу келгенин дүйнө жүзүнө шардана кылуу үчүн эскалатордон түшүп келе жатты

    АКШдагы президенттик шайлоо – 2024: Эми Трамптын тиши өтпөчүдөй

    Дональд Трамп президенттикке талапкер болуу мүдөөсүн көздөп, үчүнчү ирет аракет кылаарын жарыялады. Бул окуя – мурдагы америкалык лидерлердин шайлоодо утулуп калгандан кийин Ак үйдөгү жогорку орунду кайра ээлөөгө далаалат кылышынын өтө сейрек кездешүүчү учуру.

  • Рактын алдын алчу вакцина чын эле жардам береби?

    Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздардын жүз миңден ашыгы папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Эмдөөнүн бул түрү жатын моюнчасынын рагын алдын алууга мүмкүндүк берет деп жүргүзүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пландуу эмдөө келечекте жыл сайын жатын моюнчасынын рагына кабылган 600дөн ашуун учурдун жана 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

    Папиллома вирусу
  • Кыргызстанда акыркы мезгилде аялдар төрөт маалында же андан кийин каза болуп жатышат. Ага себептердин бири аз кандуулук.

    Аз кандуулук кош бойлуу аялдарга коркунуч жаратат

    Аз кандуулук деп эле айтылганы менен анын артында толгон токой оорууга, организмдин өксүктөрүнө өбөлгө түзүп коё турган кооптуу тобокел турат. Алдын алуу эң жакшы жолу. Эми кенен чечмелеп берели.

  • Жапония дүйнө чемпионатындагы экинчи сенсация жасады

    Чемпионат-2022: "Немис машинасы быкшыды"

    Футбол майрамынын төртүнчү күнү кайрадан эле күтүлбөгөн эсеп менен коштолууда. Турнирдин фаворити деп саналган Германия курамы кечээ Жапонияга багынып, көпчүлүгү немистердин курамынан күмөн санай баштады. Анткени алдыда Германиянын Испания менен оюну өтмөкчү, ошол эле учурда Испания эң жогорку даярдыкта келгенин Коста-Рика менен оюнунда көрсөтүп койду. Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күндөгү оюндарын футбол күндөлүгүнөн окуңуз.

  • Катарлык Исмаил Мохамад кейигендей көрүнөт

    Чемпионат: Катар катардан чыкты, Уэльстин убайымы...

    Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы башталды. “А” жана “В” тайпаларындагы оюндарынан кийин алгачкы оюндан ыргыган команда аныкталды. Ошол эле учурда плей-офф бөлүгүнө чыгууга кайсы команда мүмкүнчүлүк көп экени эми таасын байкала баштады.

  • 18 жаштагы испаниялык Гави немис футболчуларды сооротуп жатат

    Футбол: Германия кыл учунда, Бельгия “белди” аша алабы?

    Футбол майрамы уланып, жеңиш күтүп жаткан командалар тетири оюндары менен көпчүлүгүн таң калтырса, биринчи тайпада упайларын жоготкон командалар турнирде калуунун аракетин ийгиликтүү ишке ашырып кетишүүдө.

  • Португалиянын командасы 1/8 финалга чыкты

    Футбол: Роналдунун курулай кубанычы. Гол башканыкы болуп чыкты

    Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарынын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. “G” жана “H” тайпаларынын оюну болуп, Бразилия алдын ала тайпадан чыккан командалардын катарына кошулса, Түштүк Корея африкалык команда Ганага утулуп өздөрү эсепке ишенбей эси ооп турат, ал эми Камерун – Сербия оюнунда голдор мөндүрдөй эле жаады. Чирки-и-ин бирде туруп ондон тебет, бирде туруп солдон тебет. Кайып-кайып өтүп жатты тим эле.

  • Англиялык футболчу Деклан Райс жеңишти майрамдоодо

    Футбол: Англиянын “аты” алкынып, Ирандын “ити чөп жебей” турат

    Катар өлкөсүндө өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты акыркы тайпалык оюндарга келип жетти. Бул айлампада плей-оффко кайсы командалар чыкканы жана кимиси эртелеп түйүнчөгүн түйүнө турганы айкын болот. Кечээ “А” жана “В” тобунда плей-оффко суурулуп чыккан төрт команда анык болду, кененирээк футбол күндөлүгүнөн кеп салайын. Этегин чейин окуп, эп көрсөңүз бөлүшө кетиңиз...

  • Сауд Арабия 22-ноябрда сенсация жаратты

    Месси утулду, Лёва кечирим сурады, Франциянын жаракаттары

    Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө алгачкы сенсациялар жаралып, Лео Мессинин Аргентинасы биринчи оюнду эле жеңилүү менен баштады. Ал эми "D" тайпасында Тунис – Дания менен кез келип, африкалыктар алгачкы упайын алышса, Дүйнөнүн учурдагы чемпиондору Франциянын оюнчуларында удаа-удаа жаракат алып жатат.  Футбол күндөлүгүнүн эң урунттуу учурларын баяндап турабыз.

  • Woman with big brain, two men and a chessboard

    "Биз барбыз": Психопат аялдын ыймандай сыры

    Кеңири маанисинде алганда бул нейропсихиатриялык бузулуу, адам абдан таш боор болуп калат, ошондуктан көп учурда коомго каршы, кээде кылмыштуу аракеттерге алып келет. Психопат деген клеймо көбүнчө аялдарга карата айтылып жүрөт, эмне үчүн ушундай? Бул анчалык изилдене элек тема.

  • Айтыштан бир көрүнүш. 2014-жыл

    Айбек Калиев: Котормодон кийин Элмирбек мен үчүн мурдагыдан да алп болуп чыга келди...

    Казактын таланттуу төкмө акындарынын бири Айбек Калиев Элмирбек Иманалиевдин ырларын казак тилине которуп, ал китеп болуп басылды. Жакында китептин бет ачаары өтөт деген кабар Элмирбек Иманалиевдин күйөрмандарын кубанычка бөлөп турган чагы.

Коронавирус

  • Кайрадан ковид: жөтөл жана тамак оору. Вирус болушу мүмкүн

    Кыргызстанда дагы ковидге кабылгандардын саны кайрадан көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти. Буга чейин жуктуруп алгандардын саны азайып, эсеп дээрлик жарыяланбай деле калган. Өткөн аптада коронавирус диагнозу коюлган 17 500 британиялыкты сурамжылоонун негизинде, оорунун негизги белгилери тамак оору жана жөтөл экендиги белгилүү болду.

    Кыргызстанда дагы вирус жуктургандардын саны көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти
  • Омикрон

    Омикрондун жаңы варианты жөнүндө эмнелерди билебиз?

    Учурда дүйнө жүзү боюнча катталган инфекциянын дээрлик жарымынан өтө жугуштуу омикрон варианты чыгууда. Омикрондун BA.2 субварианты мурдагыларга караганда жугуштуураак экени айтылууда, бирок анын таасири катуу болору жөнүндө азырынча жетиштүү маалыматтар жок.

Микрофон

"Би-Би-Си дүрбүсүндө"

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын подкаст уктуруулары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Кытай

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Тектеш сайттар